Бөлмө аралык эшиктер Кыргызстанда

«Валста» компаниясы чет элдик өнөктөргө дайыма кубанычта болот, алар үчүн биз өндүрүмдүн жана тейлөөнүн  жогорку сапатын, ийкем шарттарды жана бааларды сунуш кылганга даярбыз.

Азыркы учурда биз бөлмө аралык эшиктерди КМШ өлкөлөрүндөгү: Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Азербайжанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Арменияда компанияларга дүңүнөн сатууга кызыктарбыз. Бардык өнөктөргө жакшы арзандатуулар берилет, ал эми Бажы биримидигин өлкөлөрүнүн (Казакстан, Армения, Кыргызстан) өнөктөрү үчүн  КНС ордун толтуруунун ыңгайлуу механизмдери караштырылган.

 

 

Эшиктерди жеткирүү этаптарынын тартиби:

  • Эшиктердин партиясына буйрутманы тариздөө.
  • Алдын ала төлөмдөр, анын өлчөмү кызматташуунун мөөнөтүнөн жана келишим шарттарынан көз каранды болот.
  • Буйрутманы өндүрүшкө киргизүү. Тапшырыктарды аткаруунун орточо убакыты 14 күндү түзөт жана буйрутманын тездигине жараша өзгөрүшү мүмкүн.
  • Партия даяр болгондон кийин транспорттук компаниянын же Тапшырыкчынын машинасына жүктөлөт. Жүктөө жүктү пломбалоо менен паллеттик ыкма аркылуу аткарылат.

Сиз буйрутманы аткаруу кайсы стадияда тургандыгын каалаган убакта көзөмөлдөй аласыз. Биздин менеджерлер төлөмдүн келиши, буйрутма боюнча иштин жүрүшү, жеткирүүлөрдү уюштуруу боюнча суроолорго жооп бериш үчүн  дайыма байланышта болушат.

 

Өнөктөргө жарнамалык өндүрүм, түстөрдүн жана шпондордун үлгүлөрү  берилет. Ошондой эле көргөзмө  үлгүлөрдү берүү программалары да бар.

 

«Валста» компаниясы менен иштөө–бул өзүңдүн регионуңда сапаттуу эшиктерди сатып, жакшы киреше алуунун жакшы мүмкүнчүлүгү.

Дүң прайс-барактарды жана келишимдин үлгүсүн берүү  үчүн, төмөнкү форманы толтуруңуз:

 

Биздин менеджерлер сиздердин бардык суроолоруңузга  +7 (49232)7-57-32; +7 (930)748-88-81 телефондору аркылуу жооп бергенге даяр